Осмон империясын эскерүү жумалыгы-2016

Осмон империясынын тарыхы

425120
Осмон империясын эскерүү жумалыгы-2016

Осмон империясын эскерүү жумалыгын белгилеп жатабыз. Үч материкке жайылган жерлери менен жүздөгөн жылдар бою дүйнөнү тартипке салды Осмон империясы. Кенен жерлерге ээ болгон көп диндүү, көп улуттуу империя түзүү чоң маселе. Бул империяны 700 жыл мурдагы байланыш жана транспорт мүмкүнчүлүктөрү менен башкарып, чогуу кармап туруу андан дагы чоң маселе.
Осмон мамлекетин түзгөн огуздардын кайы уруусундагы түрктөр, монголдордун басып алуусу жана жайылуусунун себебинен Орто Азиядан Анадолуга көчүп келишти. Кониядан Анадолуну башкарган жана Монгол жортуулдарынын жыйынтыгында ого бетер жабыркаган Анадолу Селжук мамлекети аларды Сөгүт аймагына жайгаштырды. Сөгүт жана айланасына жайгашкан кайылар 400 чатырдан турган көчмөн эл эле. Византия мамлекетинин жерлери менен чектеш болгон Сөгүткө жайгашкан кайылар, Эртугрул Газинин лидерлигинде аймакта жашай башташты. Бул жерде жашаган византия бейлиги менен кагылышуусу качылгыс эле. Бул кагылышууларда күчтөн тайган византия бейликтери өз жерлеринен ажырай баштады. Ушундайча кайылар жерлерин кеңейте башташты. Анадолуда жаңы жерлерге ээ болуу жана түрктөштүрүү бир гана аскердик жортуулдар менен камсыз болбойт эле. Ошол эле учурда Хорасандан Кожо Ахмет Йесеви тарабынан рухий пайдубалы түптөлгөн жана Анадолуга жиберилген окуучуларды бул жерде Ислам түрк философиясынын эң сонун мисалын жая башташты. Бул мезгилде Мевлананын, Юнус Эмренин, Хажы Бекташтын рухий жетекчилиги Анадолуга жарык чачты. Жаңы мекендин түрктөшүүсүндө жана мусулмандашуусунда Хорасан дервиштеринин жана соода-сатык уюму болгон ахиликтин чоң салымы болду. Хорасан дервиштеринен болгон Мевлана менен Хажы Бекташтын сөздөрүнө кошулган Шейх Эдебали Осмон мамлекетинин пикир архитектурасы эле. Теккесинде бир түн коноктогон Осмон мырза, түш көрөт. Түшүн шейхке айтып бергенде ал Осмон Газинин башчы болоорун, кызы менен үйлөнөөрүн жана уруусунан көптөгөн падыша чыгаарын, сансыз тоо жана дарыяга ээ боло турганы жөнүндө жоруйт. Түшү чындап эле орундалып Осмон Гази анын кызы Малхун Хатун менен үйлөндү. Атасынан кийин атын койгон бейлиги, Анадолу селжук мамлекети таркаган соң Анадолуда жашаган Бейликтер мезгилинде көз карандысыздыгын жарыялады.
Осмон мамлекети кыска мөөнөттүн ичинде ылдам түрдө жерлерин кеңейтти. Византияга каршы жүргүзүлгөн аскердик ийгиликтер жана жортуулдар көбүнчө түрк уруусунун Осмон жерлерине келишин камсыздады. 1299-жылы түзүлгөн Осмон Бейлиги алгач Мармара жана Эскишехир багытында күчтөндү. Осмон Бей көз жумганда Мармара аймагынын эң чоң шаары болгон Бурса, анын уулу Орхан Бей тарабынан каратылып алынды. Атасы калтырган керээзи боюнча жаңы каратылган Бурсадагы күмүш түстүү куполдун астына көмүлдү. Бурса борбор шаар болгондо бейлик мамлекеттик структураны жана уюштурууну ылдам күчтөндүрдү. Мусулман эмес калктар да архитектура жана көркөм өнөрчүлүктө, соода жана жашоодо өздөрүнүн салымын кошушун улантты. Алардын да салымдары менен көп диндүү жана көп улуттуу түзүлүш күчтөндү. Мусулман болбогондордун өз араларындагы укуктун таанылышы, мал-мүлк жана жан коопсуздугунун мамлекет тарабынан гарантияга алынуусу жортуулдарды жеңилдетти. Жаңы аймактар Осмон адилетин жана тартибин оңой эле кабыл алышты. Орхан Бейдин уулу биринчи Мурат мезгилинде Йеничери уюмунун түзүлүүсү жана Мусулман болбогон элден аскер чогултулушу Осмон мамлекетин аскердик жактан дагы да күчтүү кылды. Ушул эле мезгилде Чанаккале кысыгынан Фракияга, Европага өтүүсү, кыска мөөнөттүн ичинде Эдирненин басылып алынышы жана борбор шаар болушу осмондуктардын Европада туруктуу экендигин көрсөттү.
Бир тараптан Европада жортуулдар уланса, экинчи тараптан да Византия Стамбул жана айланасынан курчалды. Кыска мөөнөттүн ичинде шаар мамлекетине айланган Стамбулду Йылдырым Беязыттын курчап алуусу Тимурдун Анадолуга чоң армия менен келишинен улам жарым калды. Анкарада Тимур менен кармашкан Осмон армиясы жеңилди, падыша колго түштү. Андан соң өнүкпөй калуу мезгили Челеби Мехметтин кайрадан биримдик түзүүсү менен аяктады. Челебинин небереси Султан экинчи Мехметтин Стамбулду 1453-жылы курчап алып чоң атасынын жарым калтырган ишин бүтүрдү. Стамбулду каратуудан кийин Фатих аты менен эскериле турган Султан Мехмет аркылуу Осмон мамлекети империяга айланды. Осмон падышалары өздөрүн Римдин уландысы катары көрүп жана Сезар наамын колдонуп жатышты. Борбор шаар Стамбулга көчтү жана 1922-жылы империя кулаганга чейин бул жерден башкарылды. Явуз Султан Селимдин Египетти колго алышы менен падышалар эми Ислам халифаты наамын да колдоно башташты. Анын уулу Кануни мезгилинде Осмон мамлекети дүркүрөп өнүктү. Венгриядагы Мохач согушу менен Европадагы түрк бийлиги күчтөндү. Бул согуштан кийинки 150 жыл бою эч бир европалык армия Осмон армиясы менен тең тайлаша алган жок. Үч материкке жайылган империя бул чоң аймакты адилеттүүлүк менен башкарууга аракет кылды. Осмондуктардын айтканына караганда бир өлкө курал менен тартылып алынышы мүмкүн бирок адилеттүүлүк менен башкарылса болот.
Мамлекеттин түзүлүү жана күчтөнүү баскычында технологиялык өнүгүүлөргө ылдам жетишкен Осмон империясы басма машинасын ойлоп табуу жана өнөр жай төңкөрүшү сыяктуу маанилүү өнүгүүлөрдү жетиштүү түрдө ылдам ишке ашыра алган жок. Айыл-чарба империясынын өнөр жай империясына айлануу процессине жете албагандыктан осмондуктар күчтөн тайып жерлеринен ажырай баштады. Француз революциясынын негизинде улутчулдук пикирлери жайылгандыктан көп улуттуу жана көп диндүү империяларда болгону сыяктуу бөлүнүүлөр башталды. Грек козголоңунан кийин Орусия жана Австрия менен аягы бүтпөгөн согуштар жүрдү. Ар бир согуштагы жеңилүүлөр жана жерлерден ажыроо 19-кылымдын аяктарында европалык мамлекеттердин Осмон империясын «Оорулуу адам» деп аташы жана жерлеринин бөлүштүрүлүшү пикирин жаратты. Муну баштаткандардан болгон жана Осмон империясына караштуу христиан коомчулуктарды өз карамагына алууну каалаган Орусияга каршы күрөш Англия жана Франциянын колдоосу менен дагы бир канча мөөнөт уланды. Бирок Биринчи Дүйнөлүк согушта жеңилген Германиянын катарында орун алуусу империяны соңуна чыгарды. Ал эмес Стамбулдун да басылып алынышы түрктөрдү жаңы көз карандысыздык согушуна түрттү. Узак күрөштөн кийин Осмон империясынын күлдөрүнөн жаш Түркия Республикасы түзүлдү.
Осмон империясы 622 жылга созулду. Европа, Кавказ, Жакынкы Чыгыш, Балкан, Түндүк Африка өлкөлөрүнүн тарыхы Осмон империясынын тарыхына байланыштуу. Батыш түрүндөгү табигый жана адам баалуулуктарына коркунуч туудурган колониячыл түшүнүк Осмон империясында эч болгон эмес. Мусулман болбогон коомчулуктарга жана улуттарга зордоп дин алмаштыруу, көндүрүү сыяктуу кысым көрсөтүү жасалган жок. Дүйнөлүк тарыхтын ажырагыс бөлүгү болгон арасында түрк, күрт, араб, босния, албан, армян, грек, серб, хорват, болгар ал түгүл итальян жана венгер да болгон Осмон империясын урмат-сый менен эскеребиз.



Тектеш кабарлар