Кыпчак доорунун чыгармалары
Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-9
Урматтуу окурмандар! “Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр” программабыздын бул жолку чыгарылышында түрк коомунун маданияты жана тилине таасири күчтүү мезгили болгон Кыпчак түрк доору жана анын чыгармалары тууралуу кеп салабыз. Тилдин өнүгүшүн жана өзгөрүшүн түшүнүү үчүн оболу ошол тилдин тарыхый процессин, ошондой эле коомдун диний ишенимин, социалдык-маданий тарыхын кылдат изилдөө аркылуу түзүлгөн хронология керек. Бүгүнкү түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөрү бул жагынан ийгиликтүү жүрүп жатканын көрүүгө болот. Түркология илиминин түптөлүшү менен ушул алкакта түрк тилдеринин тарыхый доорлору аныкталып, деталдуу изилдөөлөр башталган. Түрк тилинин тарыхый процесстеринин бири – Кыпчак доорундагы түрк тили. Эски Кыпчак түркчөсү же Куман түркчөсү деп да белгилүү болгон бул - түрк тили 13-15-кылымдарга таандык. Бир жагынан Кара деңиздин түндүгүндө азыркы Россияда, Украинада жана Кавказда, экинчи жагынан түштүктө Египет менен Сирияда ошол доордо жазма тил катары колдонулган. Кыпчак түркчөсү – түрктөрдүн кыпчак бутагынан тамыр алган тарыхый түрк диалектиси. Бул диалект элдин көчүнөн, кул сатык-соодасы жана жалданма аскерлердин аркасынан кеңири географияга тараган.
Түркологдор тарыхый түрк тилинин бул - кыпчак түрк доорун үч топко бөлүп карашат, алар ар кандай булактарга, мезгилдерге жана чөйрөлөргө жараша талаа, мамлюк (Мисир) жана армян кыпчак доору болуп бөлүнөт. Бул доордун түрк тилине салым кошкон эң маанилүү эмгектеринин бири – “Кодекс куманикус” (Codex Cumanicus) сөздүгү болуп эсептелет. Бул эмгек 14-кылымда италиялыктар жана немистер тарабынан чогултулган жана эки бөлүктү түзөт. “Кодекс куманикус” түрк тилинин тарыхында латын тамгалары менен жазылган биринчи эмгек. Кумандардын арасында христиан динин жайылтуу үчүн миссионерлер тарабынан даярдалган түрк тилин түшүнүү үчүн бир сөздүк колдонмо. 14-кылымдагы түрк тилине жарык чачкан бул эмгектин жалгыз кол жазма көчүрмөсү Италиядагы “Венеция Сент-Маркус” китепканасында сакталып турат. Биз кийинки мезгилдерде, башкача айтканда 14-16-кылымдардагы Мамлюк кыпчак доорунда жазылып сакталып калган эмгектерди көбүрөөк көрөбүз. Түркологдор бул эмгектерди «Сөздүк жана грамматика», «Диний эмгектер», «Жаа атуу жана ат минүү өнөрү» жана «Адабий чыгармалар» деп классификациялашкан. Эски кыпчак доорундагы чыгармалардын эң маанилүү жагы – арабдарга түрк тилин үйрөтүү үчүн көптөгөн грамматика жана сөздүктөр жазылгандыгында. Булардын эң үлгүлүүсү катары Абу Хайян Мухаммед бин Юсуфка таандык «Китабу'л Идрак ли Лисани'л-Этрак» же болбосо «Түрк тилин түшүнүү китеби» сөздүк, грамматика жана сүйлөм таануу китебин көрсөтүүгө болот. Мамлюк кыпчак доорунан бүгүнкү күнгө чейин жеткен бирден-бир адабий чыгарма «Гүлистан котормосу» болуп саналат. Гүлистан котормосу – 1391-жылы Сейф-и Сарайи тарабынан ирандык акын Садинин чыгармасынын эркин котормосу. Бул мезгилдин дагы бир өзгөчөлүгү, кыпчактар армяндар менен кошуна болуп, алардын алфавитин кабыл алып, чыгармаларын жазып калтырышкан. 16-17-кылымдарда армян кыпчак тексттери Украина, Румыния, Молдова, Крым жана Түркия сыяктуу кеңири географиялык аймактарда, өзгөчө Львов жана Камянец-Подильскиде 1521-1669-жылдары армян алфавитинде 112 жазма чыгарма жазылган. Эски Кыпчак тилинин бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган болжол менен 25-30 миң бетке жеткен казынасы бар.
Тарыхта атын калтырган кыпчак түрктөрүнүн ичинен бүгүнкү кыпчак тилинин мурасы болгон казактарды, кыргыздарды, казан жана крым татарларын, кумуктарды, карачай-балкарларды, ногайларды, карайларды, урум түрктөрүн санасак болот. Бүгүнкү күндө да актуалдуулугун коргогон бул доордун чыгармалары салыштырма методу менен изилденип, түрк дүйнөсүнө жана түрк маданиятына чоң салым кошууда.
Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программада тарыхый кыпчак доору тууралуу кыскача кеп болду.
ТРТ Түркия үнү радиосунда программаны даярдаган Назгүл Кадырова
KAYNAKLAR:
1. Ercilasun, Ahmet. B. (2004). Başlangıçtan Yirminci Yüzyıla Türk Dili Tarihi. Ankara: Akçağ Yay.
2. Karamanlıoğlu, Ali Fehmi (1963). Kıpçaklar ve Kıpçak Türkçesi. TDED, c. XII. İstanbul, s. 175-184.
3. Bodrogligeti, A. (1992). Eski Kıpçakça Sahasındaki Çalışmalar. TDAYB. 175-192 ss.