Хорватияда эгиздер эки башка жылда төрөлдү
Эгиздердин бири 2023-жылдын, экинчиси 2024-жылдын алгачкы мүнөттөрүндө төрөлдү.
2084160
Хорватияда жаңы жыл түнү төрөлгөн эгиздердин бирөө 2023-жылы, экинчиси 2024-жылы жарык дүйнөгө келди.
Сплит шаарында жаңы жылдын алгачкы наристелери эгиз кыздар болушту.
Бирок эгиздердин бири 2023-жылы, экинчиси 2024-жылдын алгачкы мүнөттөрүндө төрөлдү.
Дарыгер мындай абалдын адаттан тыш экенин айтып, эгиздердин ар башка жашта болооруна көңүл бурду.