WMO: «12 миң экстремалдык климаттык окуя катталган»

Дүйнөлүк Метеорология Уюмунун (WMO) баш катчысы Петтери Таалас БУУнун Женева кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү максаттары тууралуу «Илимде биригүү» аттуу отчетун бөлүштү.

2037589
WMO: «12 миң экстремалдык климаттык окуя катталган»

1970-2021-жылдар аралыгында болжол менен 12 миң экстремалдык климаттык окуялар 2 миллиондон ашык адамдын өлүмүнө алып келгени маалымдалды.

Дүйнөлүк Метеорология Уюмунун (WMO) баш катчысы Петтери Таалас БУУнун Женева кеңсесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү максаттары тууралуу «Илимде биригүү» аттуу отчетун бөлүштү.

Маалыматка ылайык, климатка байланыштуу туруктуу өнүгүү максаттарынын 15 пайызы гана аткарылган.

1970-2021-жылдар аралыгында аба ырайы, климаттын өзгөрүшү жана суу менен байланышкан 12 000ге жакын экстремалдык климаттык окуялар катталган.

Бул окуялар 2 миллиондон ашуун адамдын өлүмүнө жана 4,3 триллион доллардан ашык экономикалык жоготууларга алып келди.

Өлүмдөрдүн 90 пайыздан ашыгы жана экономикалык жоготуулардын 60 пайыздан ашыгы өнүгүп келе жаткан экономикаларда болгон, бул туруктуу өнүгүүгө тоскоол болгон.

Таалас климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш ийгиликсиз болуп, глобалдык температуранын жогорулашы 2,8 градус Цельсийге жетсе, андан да көп терс таасирлер көрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.



Тектеш кабарлар