Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес

Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.

2133491
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес

Арасында жүрүм-турум боюнча илимпоздор, палеонтологдор жана неврологдор бар эл аралык изилдөө тобу Тиранозавр рекс (Т-рекс) динозаврлары ойлогондой акылдуу эмес экенин жана өздөрүн крокодилдер менен кескелдириктерге окшош алып жүрүшкөнүн аныкташкан.

Phys.org сайтынын маалыматына караганда, Англиядагы Бристоль жана Саутгемптон университеттери, Германиядагы Генрих-Гейн университети, Канададагы Альберта университети жана Онтарио Королдук музейинин изилдөөчүлөрү динозаврлардын мээсинин чоңдугун жана нейрондордун санын аныктоодо колдонулган ыкмаларды изилдешти. 

Эл аралык изилдөө миссиясы динозаврлардын мээ өлчөмдөрү жана нейрондордун саны боюнча мурунку изилдөөнүн жыйынтыгы ишенимсиз экенин аныктады.

Окумуштуулар динозаврлардын алдыңкы мээсинин өлчөмдөрү ашыкча бааланган, нейрондордун саны апыртылган жана алар өздөрүн крокодил менен кескелдириктей эле алып жүргөн деген жыйынтыкка келишкен.

Нейрондордун санын эсептөөлөр интеллект үчүн ишенимдүү жол эмес экенин баса белгилеген изилдөөчүлөр, тукум курут болгон түрлөрдүн биологиясын ишенимдүү кайра куруу үчүн көптөгөн далилдерди, анын ичинде скелет анатомиясын, сөөк ткандарын, тирүү туугандарынын жүрүм-турумун жана фоссилдердин издерин кароону талап кылаарын айтышты.

Өткөн жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, нейрондордун саны көп болгон T-rex тибиндеги динозаврлар күтүлгөндөн да акылдуураак экени айтылган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар