Физикалык байланыш ооруну, тынчсызданууну азайтып, депрессиядан арылтат
Германиядан жана Нидерландиядан келген окумуштуулар кучакташуу сыяктуу физикалык байланыштын адамдарга тийгизген таасирин изилдешти.
Көрсө, физикалык байланыш ооруну, тынчсызданууну азайтып, депрессиядан арылтат.
Германиядан жана Нидерландиядан келген окумуштуулар кучакташуу сыяктуу физикалык байланыштын адамдарга тийгизген таасирин түшүнүү үчүн 10 000ге жакын катышуучуларды камтыган 200дөн ашык изилдөөнү талдады.
Окумуштуулар узактыгына жана жыштыгына карабастан «кичинекей» жана «жумшак» тийүү да жаш курагына карабастан, ооруга, тынчсызданууга жана депрессияга оң таасирин тийгизерин аныкташкан.
Изилдөө адамдар менен катар жаныбарлар менен физикалык байланыш психикалык ден-соолук үчүн негизги ролду ойноорун аныктаган.
Изилдөө ата-энелердин жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен байланышынын маанилүүлүгүнө көңүл буруп, адамдардын ортосундагы физикалык байланыш улгайган курактагы психикалык ден-соолук үчүн маанилүү бойдон калаарын белгиледи.
Окумуштуулар физикалык байланышты адамдын жашоосуна киргизүү жалпы ден-соолукту чыңдоонун жөнөкөй жана натыйжалуу ыкмасы болоорун белгилешти.
Изилдөөнүн жыйынтыгы «Journal Nature Human Behaviour» журналында жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.