Испаниядагы эң чоң Ането мөңгүсүнүн эриши
El Pais гезитинин кабарына караганда, Пиреней экология институтунун изилдөөчүлөр тобу өлкөнүн эң чоң Ането мөңгүсүнүн түбүндө көө, бактерия жана таш бөлүкчөлөрүн камтыган түзүлүштөрдү табышкан.
Испаниянын Пиреней тоолорунда жайгашкан эң чоң мөңгү Ането жогорку температурадан улам 10 жылдын ичинде ээрип кетиши мүмкүн экени белгиленди.
El Pais гезитинин кабарына караганда, Пиреней экология институтунун изилдөөчүлөр тобу өлкөнүн эң чоң Ането мөңгүсүнүн түбүндө көө, бактерия жана таш бөлүкчөлөрүн камтыган түзүлүштөрдү табышкан.
Сөз болуп жаткан кара былжырлуу түзүлүштөр Күндөн келген жылуулукту кармап, мөңгүлөрдүн эрүүсүн тездеткени аныкталган.
Изилдөөдө Анетонун эрүү ылдамдыгы 1981-жылдан бери үч эсеге өскөндүгү эсептелген. 2022-жылы гана калыңдыгы 3 метр, жалпы калыңдыгы 30 метр эрип кеткен мөңгүдө 64 пайыз массалык жоготуу болгону аныкталган.
Изилдөөчүлөр Пиренейдеги мөңгүлөрдүн саны 1850-жылы 52 болсо, 2020-жылы 21 гана мөңгү калганын түшүндүрүштү. Калган мөңгүлөр бетинин дээрлик 90 пайызын жоготкон.
Акыркы жылдарда жыл сайын 1,5 метр жоготкон мөңгүнүн орточо калыңдыгы 11 метр деп кабыл алынса көпкө туруштук бере турган абалда эместиги, 10 жыл ичинде жок болушу мүмкүн экени белгиленди.
Испанияда быйылкы жайда үчүнчү экстремалдык ысыктын толкуну эң жогорку температура боюнча рекордду жаңылады.
Испаниянын Метеорология Институту (AEMET) 1928-жылдан бери катталган маалыматтарга караганда, Жирона шаарынын Фигерес районунда 18-июлда өлчөнгөн Цельсий боюнча 45,4 градус менен абанын температурасы рекорду жаңыланганын жарыялады.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.