Титаник кемесинин калдыктарын көздөй бараткан суу астынан жүрүүчү кеме жоголду

Би-Би-Синин кабарына караганда, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Бостон жээк коопсуздук топтору жоголгон суу астындагы кемени табуу үчүн издөө иштерин баштады.

2001907
Титаник кемесинин калдыктарын көздөй бараткан суу астынан жүрүүчү кеме жоголду

Айсбергге урунгандан кийин чөгүп кеткенде 1514 кишисинен ажыраган люкс круиздик Титаник кемесинин калдыктарын көрсөтүү үчүн туристтик максатта колдонулган суу астындагы кемелердин бири Атлантика океанында жоголду.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Бостон жээк коопсуздук топтору жоголгон суу астындагы кемени табуу үчүн издөө иштерин баштады.

АКШнын Жээк коопсуздук кызматынын Твиттер эсебинен жасалган билдирүүдө суу астында жүрүүчү кемеде 5 кишинин болгону жарыяланды.

Сууга түшкөндөн 1 саат 45 мүнөт өткөндөн кийин 6,4 метр узундуктагы суу астындагы кеме менен байланыштын үзүлгөнүнө көңүл бурулуп, акыркы сигналдын жекшемби күнү эртең менен алынганы, ошондуктан 24 сааттан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жатканы белгиленди.

Суу астындагы кемени издөө иштери абадан жана деңизден уланууда.

Авиация тармагында кызмат кылган Action Aviation компаниясынын британиялык ээси миллиардер Хамиш Хардингдин жоголгон суу астында жүрүүчү кемедеги туристтердин бири экени билдирилди.

Хардингдин өгөй уулу Брайан Сзас өзүнүн Фейсбук баракчасында атасы Титаникке карай түшкөн кемеде болгонун айтып, бардыгынан дуба кылып коюуну суранды.

Брайан Сзас: «Апам купуялуулук үчүн менин билдирүүмдү жана башка тиешелүү билдирүүлөрдү өчүрүүнү суранды. Колдооңуз үчүн рахмат», деген жазууну койду.

Action Aviation окуядан мурун Твиттер эсебинде: «Суу астындагы кеме ийгиликтүү сүздү, Хамиш азыр сууда сүзүүдө»,-деп бөлүшкөн.

«Эч качан чөкпөйт» деген люкс круиздик лайнер Титаник 1912-жылы 10-апрелде Саутгемптондон (Англия) 2224 жүргүнчүсү жана экипажы менен Нью-Йоркко багыт алган. Ал 15-апрелде айсбергге урунгандан кийин Түндүк Атлантика сууларына чөгүп кеткен.

Кырсыктан 1500дөн ашуун адам каза болуп, 710у гана аман калган.



Тектеш кабарлар