Учкучсуз учуучу аппарат аркылуу 4.5G кызматы...

Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир Твиттердеги баракчасында долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

1965195
Учкучсуз учуучу аппарат аркылуу 4.5G кызматы...

Ата мекендик жана улуттук базалык станциясы-ULAK (УЛАК) учкучсуз учуучу аппарат (УУА) Анка аркылуу биринчи жолу 4.5G кызматын көрсөттү.

Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир улуттук базалык станция УЛАКтын Анка учкучсуз учуучу аппаратына интеграцияланганын жарыялады.

Демир Твиттердеги баракчасында долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Демир : «Долбоордун алкагында биринчи сыноо учуусу жана ачык желеде биринчи аудио жана видео байланышы ишке ашырылды. Куттуктайбыз!»,-деди.



Тектеш кабарлар