Мальдив аралдары ушул кылымдын аягында жок болуп кетиши мүмкүн
Бул тууралуу Мальдивдин айлана-чөйрө жана технологиялар министри Аминат Шауна CNBCге берген маегинде айтты.
Мальдивдин айлана-чөйрө жана технологиялар министри Аминат Шауна эгер дүйнө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө тез жана гармониялуу иш алып барбаса, анда анын өлкөсү ушул кылымдын аягында толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн экендигин билдирди.
Аминат Шауна CNBCге берген билдирүүсүндө, эгер жаратылышка келтирилген зыян учурда ушул деңгээлде улана берсе, анда 2100-жылы Мальдив аралдары деп аталган өлкө калбай турганын белгилеп, «Климаттын өзгөрүшү чындык жана биз дүйнөдөгү эң аялуу өлкөбүз», деди.
Мальдив аралдарынын 80 пайызы деңиз деңгээлинен болгону 1 метр бийиктикте экендигин баса белгилеген министр, жердин көпчүлүгүндө суу ташкыны жана жээк тилкесинде эрозия байкалганын айтты.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.