Египетте 2 000 жылдык алтын тилдүү мумиялар табылды

Осирис байыркы Египеттин өлүүлөрдү соттогон, өлүм жана тирилүүнүн жер астындагы кудайы болгон.

1576623
Египетте 2 000 жылдык алтын тилдүү мумиялар табылды

Египеттин Александрия шаарындагы Тапосирис Магна ибадатканасында жүргүзүлгөн казуулар учурунда таштарга оюп жасалган 16 мүрзө табылды.

Байыркы Египет жана Рим дооруна таандык мүрзөлөрдөн алтын тилдүү мумиялар табылды.

Мумиялоо учурунда алынган тилдин ордуна оозго тил түрүндө алтын жалбырак коюу, өлгөндөр акыретте кудай Осирис алдында соттолуп жатканда сүйлөйт деген ишенимге негизделген.

Осирис байыркы Египеттин өлүүлөрдү соттогон, өлүм жана тирилүүнүн жер астындагы кудайы болгон.

 

 

 



Тектеш кабарлар