Индонезияда питон аялды жутуп алды

Айыл тургундары айылдын тегерегиндеги токойдон аялдын буюмдарынын жанынан узундугу 5 метрдей питон табышкан.

2150550
Индонезияда питон аялды жутуп алды

Индонезияда жоголгон аялдын сөөгү 5 метрлик питондон чыгарылды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Түштүк Сулавеси аймагындагы Калемпанг айылында жашаган 45 жаштагы аял 6-июнда калемпир сатууга чыккан.

Аял үйүнө келбей калганда анын туугандары жана айыл тургундары издөө иштерин башташкан.

Айыл тургундары айылдын тегерегиндеги токойдон аялдын буюмдарынын жанынан узундугу 5 метрдей питон табышкан.

Жарым-жартылай шишип кеткен питон аялды жутуп алган болушу мүмкүн деп шектенген айыл тургундары жыланды өлтүрүшкөн.

Бөлүнгөн питондон 45 жаштагы аялдын сөөгү чыгарылды.

2017-жылы Сулавесиде жоголгон адам 2 күндөн кийин 7 метрлик питондон чыгарылган.



Тектеш кабарлар