Эрте куракта абанын жана үндүн булганышына дуушар болуунун кесепеттери

Англиянын Бристол университетинде жүргүзүлгөн жана JAMA Network Open журналында жарыяланган изилдөөдө аба жана үн булганышы менен психологиялык бузулуулардын ортосундагы байланыш каралды.

2146683
Эрте куракта абанын жана үндүн булганышына дуушар болуунун кесепеттери

Эрте куракта абанын жана үндүн булганышы психологиялык жактан бузулуу коркунучун арттырары аныкталды.

Англиянын Бристол университетинде жүргүзүлгөн жана JAMA Network Open журналында жарыяланган изилдөөдө аба жана үн булганышы менен психологиялык бузулуулардын ортосундагы байланыш каралды.

Англияда 1991-1992-жылдары кош бойлуу аялдар менен башталган узак мөөнөттүү изилдөөдө 9065 бала 12 жашка чейин дуушар болгон аба жана үн булгануусу изилденген.

Сөз болуп жаткан балдардын 13, 18 жана 24 жаштагы психологиялык абалы, эненин курсагындагы убагынан бери кабылган аба жана үн булганышы менен салыштырылды.

Натыйжалар катышуучулардын болжол менен 19,5 пайызы психотикалык тажрыйбага ээ болгонун, ал эми болжол менен 11,4 пайызы депрессияга жана болжол менен 9,7 пайызы тынчсыздануу ооруларына дуушар болгонун көрсөттү.

Окумуштуулар PM2.5 деп аталган майда бөлүкчөлөрдүн бир аз көбөйүшү дагы психотикалык тажрыйбалар жана депрессия менен байланыштуу экенин айтышты.



Тектеш кабарлар