Түрксат 5А спутнигинин орбита жогорулатуу операциялары башталды

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, космоско ийгиликтүү учурулган Türksat 5A спутнигиндеги бардык операциялар пландалгандай ырааттуу улантылганын жарыялады.

1567527
Түрксат 5А спутнигинин орбита жогорулатуу операциялары башталды

Türksat-5A спутнигинин ички тутумдук сыноолору эч кандай көйгөйсүз аяктады жана спутниктин орбиталык жогорулатуу иштери башталды.

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, космоско ийгиликтүү учурулган Türksat 5A спутнигиндеги бардык операциялар пландалгандай ырааттуу улантылганын жарыялады.

Караисмаилоглу: «Түрксат (Türksat) 5A спутнигинин кичи тутумунун сыноолору эч кандай көйгөйсүз аяктады. Спутниктин электр кыймылдаткыч системасын колдонуп, 4 айга созулган орбиталык жогорулатуу маневрлары жана спутниктеги бардык иш-чаралар пландаштырылгандай уланууда»,- деди.

Түркиянын чейинки космостогу активдүү спутниктеринин санын 7ге жеткирген Türksat 5A спутниги Falcon 9 ракетасы менен 8-январда космоско учурулган.

5А менен Түркиянын космос мейкиндигиндеги кубаттуулугу, эфир сапаты, камтуу аймагы көбөйтүлөт.

Жумушу аяктап, сыноо иштери жүрүп жаткан 5B спутнигин июнь айында учуруу пландалууда.



Тектеш кабарлар