Ататүрктүн айлана-чөйрөгө аяр мамилеси даректүү тасма менен дүйнөгө таанытылат

Жыл сайын миңдеген адамдар барган «Кыймылдаган сарай» 20 күндүн ичинде тартылган «Ошол Чынар» аттуу даректүү тасмасынын окуясы болду.

1556541
Ататүрктүн айлана-чөйрөгө аяр мамилеси даректүү тасма менен дүйнөгө таанытылат
yuruyen kosk.jpeg
yuruyen kosk.jpg

(Түркия Республикасынын негиздөөчүсү) Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн буйругу менен 1929-жылы курулган жана жанындагы чынар теректин  бутагына доо кетпеши үчүн рельстер менен жылдырылган «Кыймылдаган сарай» даректүү тасма менен дүйнөгө таанытылат.

Жыл сайын миңдеген адамдар барган «Кыймылдаган сарай» 20 күндүн ичинде тартылган «Ошол Чынар» аттуу даректүү тасмасынын окуясы болду.

Режиссер Фехми Герчекер даректүү тасманын Ататүрктүн айлана-чөйрөгө берген маанисин чагылдыруу жана дүйнөгө калтырып кеткен ишин таанытуу максатында тартылганын айтты.

Кыймылдаган сарайдын окуясынын дүйнөдө теңдеши жок экендигин баса белгилеген Герчекер: «Бул тема 1930-жылдары биз эч укпаган окуя, мен буга чейин дүйнөдө уккан эмесмин. Ошол учурда чынардын бутагы кесилбеши үчүн сарай алдыга жылдырылат. Бул абдан кызыктуу окуя. Биз ушул темадан улам даректүү тасма тартууга чечим чыгардык жана муну дүйнө жүзүнө угузуш үчүн «Кыймылдаган сарай» тасмасы башталды»,- деди.

Даректүү тасма англис тилине которулуп, дүйнөлүк телеканалдарга таратылат.



Тектеш кабарлар