Атлантика океанында 12 жаңы түр табылды

Атлас долбоорунун алкагында 5 жылдан бери Атлантика океанын изилдеген окумуштуулардын жаңы ачылыштары кубаныч жаратты.

1554206
Атлантика океанында 12 жаңы түр табылды

Атлас долбоорунун алкагында 5 жылдан бери Атлантика океанын изилдеген окумуштуулардын жаңы ачылыштары кубаныч жаратты.

Изилдөөлөрдүн натыйжасында жандыктардын эч качан ачылбаган 12 түрү, анын ичинде жаңы балыр жаныбарлары, моллюскалар жана кораллдар аныкталды.

Бул түрлөр ушул кезге чейин жетерсиз иликтөөлөрдөн улам табылган эмес.

Ошондой эле топ мурда белгилүү болгон аймактарда жашаган 35 жаңы түрлөрдүн издерин аныктады.

Жаңы ачылган бул түрлөр климаттын өзгөрүшүнөн улам коркунуч астында.  Океандагы көмүр кычкыл газынын ылдамдам көбөйүшү менен суудагы кислотанын деңгээли жогорулап жана айрыкча кораллдар чирий баштайт.

Долбоорду жетектеген Эдинбург университетинин профессору Мюррей Робертс, изилдөө учурунда океандагы айрым өзгөчө аймактардын ​​дагы табылганын белгилеп : "Губкалар жана океан кораллдарынан турган терең суулуу шаарларын таптык. Бул аймактар ​​океандагы жашоону камсыз кылат. Балыктар бул аймактарда жумуртка ташташат. Эгерде бул шаарлар адамдын колу менен жок кылынса, анда бул балыктар жумуртка таштоого жер таппай калат жана бул экосистемалар келечек муундар үчүн функциясын жоготот",- деди.

 

 



Тектеш кабарлар