Армения армиясы журналисттерди бутага алды

Армения армиясы Азербайжандын Тертер шаарында жарандарга карата кол салууларынан кийин Азербайжан малекеттик телекөрсөтүүсү АЗТВнын тобун бутага алды.

1508872
Армения армиясы журналисттерди бутага алды

Армения армиясы Азербайжандын Тертер шаарында жарандарга карата кол салууларынан кийин Азербайжан малекеттик телекөрсөтүүсү АЗТВнын тобун бутага алды.

Кол салууда журналисттерди ташыган унаанын шоферу жараланды. АЗТВнын аскердик кабарчысы Элнур Тофиг берген маалыматында : «Эрте мененки сааттарда Тертерден Дуверли айылындагы бир мектепке снаряд  түшкөнүн уктук. Окуя болгон жерге барып тартып алдык. Ал учурда жаңы кол салуулар болду»,- деди.

Мектеп имаратынын ичинде турган кезде снаряддын келип тийгенин жана үстүлөрүнө шыптын көчүп түшкөнүн айткан Тофиг : «Дароо имараттын ичинен чыктык бирок унаабыз турган жерге 4 – 5  снаряд дагы түштү»,- деди. Унаага карай чуркап бара жатканда дагы чоң бир жарылуунун болгонун айткан Тофиг : «Шоферубуздун башынан жана курсагынан жаралангандыгын көрдүм. Аны дароо унаабызга алдык бирок жаныбызда дагы бир жаран бар эле. Ал да жаралуу эле жана аны да алып Тертер шаар борборуна кайттык»,- деди.

Унааларынын да зыян тарткандыгын бирок эч бир кишинин каза болбогондугун белгилеген Тофиг журналист катары Армениянын жарандарга карата кол салууларын иликтөөнү улантышарын айтты.

Армения армиясы ок атышпоону бузуп, Тертер шаар борборуна карата  артеллериялык атууларын улантууда.

Азербайжан башкы прокурорлугу 27 -  сентябрдан 14 -  октябрга чейин Армениянын кол салууларынан улам 43 азербайжадыктын каза болгонун, 206 жарандын жаралангандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар