Меркурий Күндүн алдынан өттү

Сейрек кездешилген асмандагы окуялардын арасында орун алган Меркурийдин Күндүн алдынан өтүшү Антальядагы ТҮБИТАК Улуттук обсерваториясынын илим жана коомчулук борборунда орун алган телескоптору менен байкалды.

1305232
Меркурий Күндүн алдынан өттү

Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөөлөр мекемесинин (ТҮБИТАК) улуттук обсерваториясы Меркурий планетасынын Күндүн алдынан өтүшүн түз эфирден берди.

Сейрек кездешилген асмандагы окуялардын арасында орун алган Меркурийдин Күндүн алдынан өтүшү Антальядагы ТҮБИТАК Улуттук обсерваториясынын илим жана коомчулук борборунда орун алган телескоптору менен байкалды.

Атайын фильтрлер тагылган камералар кошулган телескоптордон алынган көрүнүштөр, обсерваторияга таандык социалдык медиа барактарынан түз эфирден көрсөтүлүп, Жер Ортолук деңиз университетинин «Ататүрк» конференция залында уюштурулган иш-чарада катышуучуларга адистер тарабынан маалымат берилди.

Кечээ Түркия убактысы боюнча саат 15:30да байкала баштаган Меркурийдин өтүүсү күн батканга дейре уланды.

Меркурийдин өтүшүнүн Түндүк жана Түштүк Африка, Антарктида, Батыш Африка жана Атлантика океанынан толугу менен, Түркиядан болсо жарым жартылай көрүнгөнү белгиленди.

ТҮБИТАКтын улуттук обсерваториясынын интернет барагында орун алган жарыяда Күн айлампасынын алдынан планетанын өтүшүнүн кандайдыр бир түрдөгү тутулуу сыяктуу ойлонулса боло турганын, бирок Меркурий жана Чолпондун көк асмандагы градустук диаметрлеринин себебинен Ай сыяктуу Күндү жаап калууга жетпегенинен жарыктын азаюусу байкалбаганы белгиленди.

Мындай түрдөгү өтүүлөрдүн тарыхта көп жылдар бою Жер шары жана Күндүн арасындагы аралыктын эсептелишинде жана планеталардын атмосфераларынын болуп болбогонунун изилденишинде колдонулганынын маалыматтары орун алган жарыяда, Меркурийдин орто эсеп менен бир кылымда 13 жолу Күндүн алдынан өткөнү, эмдиги жолу 2032-жылы 13-ноябрда өтө турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар