125 жылдык монета

125 жылдык монетаны ким сатып алды?

1255446
125 жылдык монета

 

АКШда аукциондо 125 жылдык 10 цент 1,32 миллион долларга сатылды.

CNNдин маалыматына караганда, Чикагодо уюштурулган аукциондо АКШда 1894-жылы 24 даана гана басылып чыккандыгы белгиленген 10 центтен бирөө 1,32 миллион долларга «Реал Солт-Лейк» клубунун ээси жана монета жыйноочу Делл Лой Хансенге сатылды.

Хансендин АКШда 1792-жылдан бери басылып чыккан ар бир монетадан бир үлгүсүн коллекциясына кошууга аракет кылганы белгиленди.

2016-жылы 125 жылдык башка моната 2 миллион долларга сатылган болчу.



Тектеш кабарлар