Жер шарында пайда болгон алгачкы молекула тибинин өрнөгү космосто белгиленди

Изилдөөнүн жыйынтыктары «Nature» журналында жарыяланды.

1186876
Жер шарында пайда болгон алгачкы молекула тибинин өрнөгү космосто белгиленди

Илимпоздор Жер шарында пайда болгон алгачкы молекула тибинин бир өрнөгүн космосто белгилешти.

АКШнын Авиация жана космос агенттиги НАСАнын жарыясына караганда, Инфракызгылт астрономия үчүн Стратосфера обсерваториясы (SOFIA) ааламда пайда болгон алгачкы молекула катары билинген, гелий жана суутек атомдорунун биригүүсү менен пайда болгон «гелий гидрид» деп аталган молекуланын бир үлгүсүн космосто белгиледи.

Жер шарынан 3 миң жыл жарык жылы алыстыктагы Ак куу (Cygnus) топ жылдызынын жанындагы «NGC 7027» планета тумандуулугунда белгиленген молекула алгач ирет космосто байкалган болду.

Илимпоздор Чоң жарылуудан орто эсеп менен 100 миң жыл кийин пайда болгон гелий гидриттин, бири-бирине көз каранды топтор абалындагы атомдор түзгөн химиялык аралашмалардын эң кичине негизги түзүлүшү болгон молекулалардын алгачкы үлгүсү экенин божомолдоодо.

Изилдөөнүн жыйынтыктары «Nature» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар