Оюнчук уурдаган аял
Парижде дүкөндөрдөн уурдаган жүздөгөн оюнчуктарды интернет аркылуу сатуу менен күнөөлөнгөн 72 жаштагы бир аял камоого алынды.
Франциянын борбор шаары Парижде дүкөндөрдөн уурдаган жүздөгөн оюнчуктарды интернет аркылуу сатуу менен күнөөлөнгөн 72 жаштагы бир аял камоого алынды.
BBC түркчөнүн кабарына караганда бир оюнчук дүкөнүнүн директору рафтарынан уурдалган оюнчуктар үчүн интернетте бир онлайн рекламаны көргөндөн кийин абалды полицияга билдирди.
Рекламаны берген аялдын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүдө эң аз миң оюнчук табылды. Көпчүлүгү оригиналдуу кутуларынын ичинде болгон бул оюнчуктардын жалпысынан Париждеги дүкөндөрдөн уурдалгандыгы аныкталды.
Полиция ошол эле учурда аялдын үйүндө 40 миң евролук накталай акча табылды.
Прокурорлор француз медиасына аялдын кылмышын кабыл алгандыгы жана «жумушуздуктан ушундай кылгандыгын» айткандыгын билдирди.
Тектеш кабарлар
Кытайдын Айга жөнөткөн чалгындоочу унаасы...
Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгынын билдирүүсү жарыяланды.