Дүйнөдөгү эң узун көпүрө
Дүйнөдөгү деңиздин үстүнө курулган эң узун көпүрө Кытайда ачылды.
Дүйнөдөгү деңиздин үстүнө курулган эң узун көпүрө Кытайда ачылды.
Көпүрөнүн ачылышы үчүн Жухаи шаарында азем өткөрүлдү. Аземге Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин да катышты.
Көпүрөнүн узундугу 55 километр. Гонконг жана Макаону Кытайдагы Жухаи шаары менен байланыштырат.
Үч көпүрө жана бир туннелден турган долбоордун наркы 20 миллиард долларды чапчыды.
Көпүрө үчүн бир арал курулду. Деңиздин 40 метр тереңдигинде узундугу 7 чакырымдык суунун түбүнө туннел курулду. 400 миң тонна болот колдонулду. Долбоор 9 жылда бүтүрүлдү.
Көпүрө саатына 300 километр ылдамдык менен соккон шамалга жана 8 баллдык жер титирөөгө туруштук берет.
Көпүрөнүн ачылышы менен 4 саатка созулган Гонконг Жухаи каттамы 45 мүнөттө өтүлөт.
Тектеш кабарлар
Кытайдын Айга жөнөткөн чалгындоочу унаасы...
Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгынын билдирүүсү жарыяланды.