Килауэа жанар тоосун көргөнү баргандар камакка алынууда

«Hawaii News Now» барагынын маалыматына караганда лавалар океанга жеткен аралдарда полициянын тосмолору жана коркунучтуу шарттарга карабастан айрым кишилер тыюу салынган аймактарга кирүүдө.

993914
Килауэа жанар тоосун көргөнү баргандар камакка алынууда

АКШнын Гавайи штатында кыймылдай баштаган Килауэа жанар тоосунан атырылган лаваларды байкаш үчүн же фотосүрөткө тартыш үчүн коомчулуктун кирүүсүнө тыюу салынган аймактарга кирген ондогон киши кармалды.

«Hawaii News Now» барагынын маалыматына караганда лавалар океанга жеткен аралдарда полициянын тосмолору жана коркунучтуу шарттарга карабастан айрым кишилер тыюу салынган аймактарга кирүүдө.

Талаа жана табигый булактар департаментинин жооптуу кызматкерлери, жарылуулар башталгандан бери лавалар агып жаткан аймактарга кирип кеткен 40 чамалуу киши кармалганын маалымдады.

Гавайи аралдарынын губернатору Дэвид Иге тарабынан жарыяланган жаңы токтом менен чөгүп кетүү алкагы болгон аймактарда кармалган кишилерге жазалар арттырылды.

Жооптуу кызматкерлер тарабынан коркунучтуу деп эсептелип эвакуациялар уланып жаткан аймактарга киргендер 5 миң доллар же 1 жыл абак жазасына тартылат.

Дүйнө жүзүнүн эң активдүү вулкандарынан Килауэа жанар тоосунда 1983-жылдан бери жарылуулар болуп жатат.

Жанар тоодогу жарылуулардын артышы жана бүркүлгөн лавалардын агымы көп болушунун себебинен жооптуу кызматкерлер, ушул айдын башында элди үйлөрүн таштап кетүүлөрү боюнча эскерткен, полиция жергиликтүү калкты «Үйүңөрдөн кетпесеңер камайбыз» деген жар салган.



Тектеш кабарлар