Асман мейкиндигинен 4,6 миллиард жылдык чаңдар табылды

Гаваи университетинен изилдөөчү Хоуп Исиинин командасы жүргүзгөн эмгек.

992093
Асман мейкиндигинен 4,6 миллиард жылдык чаңдар табылды

Жер шарынын атмосферасынын үстүңкү катмарында Күн системасынын түзүлүшү милдетин аткарган 4,6 миллиард жылдык чаң бөлүкчөлөрү табылды.

Гаваи университетинен изилдөөчү Хоуп Исиинин командасы жүргүзгөн эмгекте Американын авиация жана космос агенттигинин (NASA) стратосферик асман унаалары менен чогултулган бөлүкчөлөрдүн химиялык курамы Беркелей лабораториясындагы өнүккөн нур булагы (ALS) колдонулуп иликтенди.

Жасалган изилдөөнүн жыйынтыгы астрономдор Күн системасынын башталышында келип чыккан куйруктуу жылдыздарда сакталган 4,6 миллиард жаштагы чаң бөлүкчөлөрүн тапты.

Илимпоздор атмосферанын үстүңкү катмарларынан чогултулган бул жылдыз чаңдарынын метал жана сульфурлар менен капталган айнек сымал бөлүкчөлөрдөн турганын белгиледи.

Исии, бул чаңдардын иликтениши менен Күн системасынын пайда болушу жана жылдыздар менен планеталардын түзүлүшү тууралуу абдан маанилүү маалыматтарга ээ боло тургандарын белгилей кетти.

Изилдөөнүн жыйынтыктары «Proceedings of the National Academy of Sciences» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар