Жер шарынан Ай алыстап баратабы?

Колумбия университетине караштуу «Ламонт-Доэрти» атындагы жер шарын байкоо үйү жана Висконсин университетинен илимпоздордун биргелешкен изилдөөлөрү.

987484
Жер шарынан Ай алыстап баратабы?

Жер шарынын спутниги Ай жана башка планеталар менен байланышын изилдеген эмгек 1,4 миллиард жыл мурда бир күн 18 саат 7 минутага тете болгонун белгиледи.

Колумбия университетине караштуу «Ламонт-Доэрти» атындагы жер шарын байкоо үйү жана Висконсин университетинен илимпоздордун биргелешкен изилдөөлөрүндө Жер шарынын өтмүшүнө кайрылуу, Күн системасынын тарыхын кайрадан белгилөө жана тарыхтан мурдагы доорлордогу климаттын өзгөрүүсүн түшүнүү максатында астрономиялык теория менен геологиялык байкоолорду байланыштырган статистикалык ыкманы колдонду.

Жыйынтыктары «Proceedings of the National Academy of Sciences» журналында жарыяланган изилдөөдө 1,4 миллиард жыл мурда Жер шары менен Айдын ортосундагы аралыктын учурдагыдан дагы жакын болгону мындайча айтканда 341 миң чакырым болгону эсептелип чыкты.

Бул эмгек Жер шары менен Айдын ортосундагы бул жакын аралыктын, планетанын орбитасынын айланасында айлануусуна таасир тийгизгенин, ошондуктан ал убакта Жер шарынын өз орбитасындагы айлануусун 18 саат 7 мүнөттө бүтүргөнүн ортого салды.

Айдын Жер шарынан жыл сайын 3,82 см алыстаганы, планета менен спутнигинин ортосундагы аралыктын учурда 385 миң чакырым экени маалым...


Этикеткалар: #Ай , #Жер шары

Тектеш кабарлар