Учкан таксилер үчүн келишим
НАСА менен Убер келишимге кол коюшту.
АКШнын Улуттук авиация жана космостук агенттиги НАСА менен Убер компаниясы, учкан таксилер үчүн иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшүнө карата келишимге кол коюшту.
НАСАнын билдирүүсүндө, учкан таксилер үчүн иликтөөлөрдүн жүргүзүлүшүнө карата Убер менен макулдашуу түзүлгөнү жана НАСАнын учкучсуз аппараттарды да камтыган «шаардын аба-ырайын божомолдоо» аппараттары үчүн симуляцияларды баштай турганы белгиленди.
Ошондой эле келишимдин максатынын, Убер колдонуучуларынын унаа чакырууда колдонгонуна окшош системанын кичинекей учактарга жайгаштырылышы үчүн биргелешип колдонуу түйүнүн түзүү экени билдирилди.
Лос-Анжелесте уюштурулган Uber Elevate жыйынында, 2020-жылы учурууну пландаган учкан такси прототиптери көрсөтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Кытайдын Айга жөнөткөн чалгындоочу унаасы...
Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгынын билдирүүсү жарыяланды.