Анкарадагы фестивалда таттуулар

Эң таттуу фестиваль

963918
Анкарадагы фестивалда таттуулар

Шокаладды жана кофени жакшы көргөндөр Түркиянын борбору Анкарадагы фестивалга чогулду.

Эки укмуш даам; шоколад менен кофе, Анкара Соода палатасы АТОнун Конгресс борборунда уюштурулган фестивалда меймандарга тартууланды.

Шоколаддан жасалган айкелчелер, даамы жана жыты бири-биринен өзгөчөлөнгөн кофенин түрлөрү, түркүн түстөгү жана даамдагы таттуу азыктар, мармалаттар фестивалда туртууланууда.

Иш-чарада шоколаддын бир нече түрлөрү коюлуп, шоколад оромосунун даамын сызгандар кайра кайтып келип ооз тийүүгө аргасыз.

Шоколад менен кофени жакшы көргөндөр үчүн фестиваль чоң кызыгууну жаратты. Шоколаддын аромат жытын коштогон ар башка жыттагы кофелер да стенддерде орун алды.

Фестивал жекшемби күнү кечке дейре шоколад менен кофени жакшы көргөндөр үчүн эшигин ачат.



Тектеш кабарлар