Маймылдын жаңы түрү аныкталды

Илимпоздор биргеликте изилдөө жүргүзүштү

840400
Маймылдын жаңы түрү аныкталды

Индонезиянын Суматра аралында жашаган аз сандагы орангутангдарды иликтеген илимпоздор, бул жаныбарлардын буга чейин билинбеген «чоң маймылдын бир түрү» экенин аныкташты.

Цюрих университети, Ливерпуль Мурс университети жана Суматрадагы орангутангдарды коргоо программасынан изилдөөчүлөр биргелеше жүргүзгөн иликтөөдө, аймакта «Tapanuli» аты берилген жаңы чоң маймыл түрү аныкталды.

Биринчи жолу 1997-жылы аймакка барган изилдөөчү топ, бул жерде жүрүм-турумдук жана генетикалык жактан берки орангутангдардан айырмаланган түрүнүн жашаганын белгилешти, бирок бул темада узак мөөнөт кеңири көрсөткүч чогултула алган жок.

2013-жылы аты аталган жаныбарга таандык скелет тапкан изилдөөчүлөр, бул жаныбардын башы жана сырткы түзүлүшүндө чоң айырмачылыктар бар экенин ортого салды.

Изилдөөчүлөр бул маймыл түрүнүн болжол менен 100 жылдан берки аныкталган биринчи жаңы чоң маймыл экенин белгилешти.



Тектеш кабарлар