Алгач ирет бир Азия өлкөсү дүйнөнүн эң күчтүү паспортуна ээ болду

Орто эсеп менен 3,4 миллион сингапурдук 159 өлкөгө визасыз саякат кыла алат.

835118
Алгач ирет бир Азия өлкөсү дүйнөнүн эң күчтүү паспортуна ээ болду

«Passport Index» аттуу интернерт барагы дүйнөнүн эң күчтүү паспортко ээ болгон өлкөсүнүн атуулдары 159 өлкөгө визасыз бара алган Сингапур экенин жарыялады.

Өлкөлөрдүн паспортторунун күчтөрүн салыштырган веб барак, Парагвайдын Сингапурга болгон чектөөлөрүн жоюшунун негизинде кичине бир шаар мамлекеттин дүйнөнүн эң күчтүү паспортко ээ болгонун тастыктады.

Ошентип алгач ирет бир Азия өлкөсү дүйнөнүн эң күчтүү паспортуна ээ болду.

Орто эсеп менен 3,4 миллион сингапурдук 159 өлкөгө визасыз саякат кыла алат же визаны барган өлкөсүнүн кире беришинде алат.

Тизмеде 2-орунда атуулдары 158 өлкөгө визасыз саякат кыла алган Германия турса, андан кийин атуулдары 157 өлкөгө саякат кыла алган Швеция менен Түштүк Корея турат.

АКШ болсо Малайзия, Ирландия жана Канада менен бирге 6-орунда турат.

АКШнын тизмедеги катарда төмөндөөсүнө Түркия менен АКШнын ортосундагы виза кризиси таасир этти.



Тектеш кабарлар