Нидерландияда 3D принтер менен көпүрө салынды

Эйндховен техникалык университети тарабынан долбоорлонгон көпүрө 3 айда салынып бүттү.

830706
Нидерландияда 3D принтер менен көпүрө салынды

Нидерландияда үч өлчөмдүү (3D) принтер менен жасалган дүйнөнүн алгачкы көпүрөсү тейлөөгө киргизилди.

Эйндховен шаарына жакын жердеги Гемерт районундагы шаарды айланып өтүүчү жолдун уландысы болгон 8 метрдик көпүрө велосипед айдоочулар тарабынан колдонулат.

Эйндховен техникалык университети тарабынан долбоорлонгон көпүрө 3 айда салынып бүттү.

Велосипедчилердин көпүрөсү 800 кат чыгарылыштан турат. 3D принтерден чыгарылган чыгарылыштар көпүрө салынган аянтта бириктирилди.

Көпүрө алды ийилчээк жана бетон плитка түрүндө салынды. Курулушчу фирмадан Жероен Нуижтен, көпүрөнүн 40 жүк ташуучу унааны ташыгыдай бекем болгонун белгилеп, «Бирок биз болгону велосипед менен гана өтөбүз»,-деди.

Нуижтенге караганда 3D принтерлер келечек жана чөйрө үчүн абдан маанилүү. Анткени өндүрүү баскычында дагы аз материал талап кылынат жана абдан аз материал калдыгы болот. Анын үстүнө классикалык курулуштардан дагы арзан жана ылдам болгон 3D техникасы үчүн дагы аз алдын ала даярдык керектелет.

Нуижтен, келечекте 3D бетон чыгарылыштарынын курулуш аянттарына алып барыла турганын жана кааланган материалдын курулуш аянтында чыгарыла турганын айтты.

Нидерландия, Кытай жана АКШдан кийин принтерден чыккан бетон менен курулуш сыноосун кылган үчүнчү өлкө болду.



Тектеш кабарлар