4 кишини жеген жолборс өлтүрүлдү

Жолборс өлүм жазасына тартылды

827931
4 кишини жеген жолборс өлтүрүлдү

Индияда 4 кишини жеген жолборс ток берилип өлтүрүлдү.

Хинди тилинде «кара» дегенди туюнткан «Кала» аттуу ургаачы жолборс Брагмапури, 2 айылдыкты өлтүрүп жана 4 кишини тиштегенден кийин кармалды.

Жолбостун качпашы үчүн мойнуна радио толкундарды жайган тасма тагылган болчу.

Бирок жолборс бул коркутууга карабастан дагы 2 кишини өлтүрдү.

Бул боюнча өлтүрүлүшүнө чечим чыгарылган жолборско ток берилди.

Адистердин айтымына караганда жолборстор биринчи кол салуусунан кийин адам этин жактыра баштайт жана кол салууларын улантат.

2014-жылдагы көрсөткүчтөргө караганда 2 миң 226 жолборс б.а дүйнөдөгү жолборстордун жарымы Индияда жашайт.

Өлкөдө өткөн жылы да 3 айылдыкты өлтүргөн жолборс 44 күндүк операциядан кийин кармалган болчу.



Тектеш кабарлар