Египетте жаңы пирамида табылды

Бул пирамида ханыша Анхнесмерира II үчүн курулган болушу мүмкүн

826315
Египетте жаңы пирамида табылды

Египеттин борбор шаары Каирде Алтынчы династия (Б.з.ч 2345-жылдан биздин замандын 2181-жылына чейинки) мезгилине таандык экени божомолдонгон кичинекей пирамиданын табылганы билдирилди.

Египеттин Тарыхый табылгалар министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Женева университетинде эмгектенген швейцариялык жана француздардан турган археологиялык топ, Гизанын батышындагы Саккара некрополунда күлгүн түстөгү граниттен курулган кичикей пирамида табышты»,-деп айтылды.

Пирамиданын бийиктиги 130 сантиметр, түбүнүн кеңдигинин 110 сантиметр экени билдирилди.

Табылган пирамиданын Алтынчы династия ханышасы Анхнесмерира II үчүн курулган болушу мүмкүн экени айтылууда.



Тектеш кабарлар