Кытайдын ири телескобу ишке жарай баштады

Кытай ири радио телескобу менен эки тегерек-жылдыз (пульсар) тапты.

824327
Кытайдын ири телескобу ишке жарай баштады

Кытай ири радио телескобу менен эки тегерек-жылдыз (пульсар) тапты.

Кытайдын Улуттук астрономиялык байкоо үйүнүн жарыясына караганда өлкөнүн Guicou  провинциясында диамтери 500 метрдик Тиеньен (Асман көзү) аттуу Глоабалдык диафрагм радио телескобу (FAST) менен  J1859-01 жана J1931-01 аттуу эки тегерек-жылдыз тапты.

Курулгандан тартып бир жылдан бери сыноо баскычында колдонулган Тиеньен телескобу тапкан жылдыздардын Австралияда орун алган башка телескоп менен тастыкталганы белгиленди.

Тегерек жылдыздардан J1859-01 жер шарынан 16 миң жарык жылы, J1931-01 болсо 4100 жарык жылы алыстыкта экени белгиленди.

«Асман көзү» долбоорунун кызматкерлеринен Пинг Бо, аты аталган ири телескобдун сыноо баскычынын 3-5 жылга дейре улана турганын белгилеп, Асман көзүнүн биринчи эле жылында эки пульсар табуусу долбоор жагынан толкундантуучу экенин айтты.

2011-жылы курула баштаган Асман көзү долбооруна 1 миллиард 200 миллион юан (180 миллион доллар) сарпталган, дагы туура жана таза радио сигналдарын алуу үчүн турган аймагынын 5 км айланасында жашаган 8 миңдей киши башка аймактарга көчүрүлгөн болчу.

Тиеньен Порто-Рикодогу диаметри 300 метрдик Arecibo телескобунан ашып өтүп дүйнөнүн эң чоң радио телескобу болду. Телескобдун өлчөө ылдамдыгы да Areciboдон 10 эсе дагы чоң.



Тектеш кабарлар