Илимпоздор жаңы жара чаптагыч ойлоп табышты

Энтони Вайс, MeTro деп аталган чаптагычтын жакынкы убакта адамдардын өмүрүн сактап кала баштай турганын ойлогондорун айтты.

822487
Илимпоздор жаңы жара чаптагыч ойлоп табышты

 

Австралиялык жана америкалык илимпоздор, артерия жана өпкө клеткалары сыяктуу эң жумшак клеткаларды бириктире турган, ачык жараларды жабыш үчүн колдонула алган укмуш чаптагыч ойлоп табышты.

«Science Translational Medicine» журналында чыккан макалага караганда Сидней университетинен Энтони Вайс: «Бул чаптагычтын согуш аянттарынан кырсыктарга жана клиникалардагы баш аламандуу операцияларга дейре чоң колдонуу аянты бар. Биз өнүктүргөн товардын бир топ шарттарда ишке жарай алганын жана башка чаптагычтар ишке жарабаган учурларда ишке жараганын далилдедик. Адамдар үчүн колдоно баштаганга даярбыз»,-деди.

Вайс, MeTro деп аталган чаптагычтын жакынкы убакта адамдардын өмүрүн сактап кала баштай турганын ойлогондорун айтты.

Энтони Вайс: «MeTroну өзгөчө кылган нерсе адамдын денесиндеги заттардан турганы»,-деп айтып, «Бириктирүүчү клеткабыз эластиндик белоктуу булалардан турат. Абдан күчтүү жана ошол эле учурда форманы коргоп бир канча ирет тигүү мүмкүнчүлүгүн берет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар