Эң бай кайырчы

Каза болгон кайырчынын үйүнөн байлык чыкты

782023
Эң бай кайырчы

Ирактын борбор шаары Багдаддын түштүгүндөгү Нежеф шаарында, каза болгон кайырчынын үйүнөн байлык чыкты.

Полициянын кайырчынын үйүндөгү иликтөөсүндө, 72 миллион 322 миң Ирак динары (64 миң доллар) жана зергер буюмдар табылды.

Эсептеп көрүшсө кайырчынын казынасында 72 миллион 322 миң Ирак динары (64 миң доллар), 562 доллар, 90 сауд риалы, 119 Ливан лирасы, 10 евро, 300 Кувейт динары, 440 Иран мисти, 70 Ооган рупиясы, 300 Пакистан рупиясы бар экени аныкталды.



Тектеш кабарлар