Мадонна Малавиде балдардын ооруканасын ачты

Мадоннанын багып алган балдары малавилик

777076
Мадонна Малавиде балдардын ооруканасын ачты

Америкалык атактуу ырчы Мадонна, асырап алган төрт баласы туулган өлкө болгон Малавиде балдардын ооруканасын ачты.

Атактуу ырчы ооруканага Малавиден багып алган кызынын ысымын берди.

Чыгыш Африка өлкөсү Малавиден төрт баланы асырап алган эстрада жылдызы Мадонна, балдары туулган өлкөгө балдардын ооруканасын ачып ыраазычылыгын билдирди.

Африкадагы ушул сыяктуу биринчи борбор болгон бул оорукана, ырчынын 2006-жылы түзгөн «Raising Malawi» аттуу кайрымдуулук мекемеси тарабынан каржыланды.

58 жаштагы америкалык ырчы, 50 орундуу балдардын ооруканасынын ачылышын 11 жаштагы малавилик кызы Мерси Жеймс менен бирге ишке ашырды.

Оорукананын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчы Питер Мутарика Мадоннага кайрылып: «Сиз Малавиден төрт баланы асырап алдыңыз, эми биз да сизди бул улуттун кызы катары кабыл алабыз»,-деди.

Ырчы Мадонна Мерси Жеймс менен катар 11 жаштагы уулу Дэвид Банданы жана жетимдер үйүндө жашаган төрт жашындагы эгиздер Эстер менен Стелланы Малавиден асырап алган болчу.



Тектеш кабарлар