Сатурндун чоңдугундай жылдыз табылды

«Astronomy&Astrophysics» журналында жарыялаган изилдөөдө «EBLM J0555-57Ab» деп аташкан жылдыздын ушул убакка дейре табылган эң кичине жылдыз болгону белгиленди.

769567
Сатурндун чоңдугундай жылдыз табылды

Илимпоздор Күн системасынын тышында дээрлик Сатурндун чоңдугундай жылдыз табышты.

Англиянын Кембридж университетинен астрономдор жол башчылык кылган эл аралык изилдөө тобу, жыйынтыктарын «Astronomy&Astrophysics» журналында жарыялаган изилдөөдө «EBLM J0555-57Ab» деп аташкан жылдыздын ушул убакка дейре табылган эң кичине жылдыз болгонун белгиледи.

Изилдөө үчүн Женевага барган Күндүн ары жагындагы планеталарды байкоо үйүндөгү спектроскопиясын (орбита өлчөөчү шайман) колдонгон илимпоздор, жылдыздын көлөмүн аны менен бир орбитада орун алган дагы чоң жылдыз менен бир катарда өтүп бара жатканда чоң жылдыздагы өчүүнүн таасирин тартып алып каттай алды.

Изилдөөдө жылдыздын Күн системасынын экинчи чоң планетасы болгон, орто эсеп менен диаметри 58 миң километрдик Сатрундай чоңдукта экени белгиленди.

Бул чоңдуктун кайсы бир жылдыздын атомдук кыймылын камсыздаган ядросундагы гидроген агымын уланта алышы үчүн көздөлгөн эң аз өлчөмүнө барабар болгону айтылды.



Тектеш кабарлар