«Прогресс» космостук кемеси учурулду

Космостук кеме «Байкоңур» космодромунан учурулду

752752
«Прогресс» космостук кемеси учурулду

Эл аралык космостук станцияга жүк жолдо...

Болжол менен 3 тонналык техникалык жабдууларды ташыган жүк ташуучу «Прогресс» космостук кемеси Казакстандагы «Байкоңур» космодромунан учурулду.

Учкучсуз жүк ташуучу космостук кеме, станцияда иликтөөлөрүн уланткан астронавт жана космонавттарга күйүүчү май, тамак-аш, суу менен техникалык-илимий шаймандары алып барат.

Жүк ташуучу космостук кеменин эки күндөн кийин станцияга конуусу пландалууда.

Орусиянын «Прогресс» модулдары, Американын космостук кемеси менен бирге Эл аралык космостук станцияга тартиптүү түрдө зарыл болгон жабдыктарды ташыган флоттун бир бөлүгү болуп саналат.

«Прогресс» аппараттарынын бири декабрь айында учурулгандан кийин жарылып кетип, февраль айындагы учуруу болсо ийгиликтүү ишке ашкан болчу.



Тектеш кабарлар