Дүйнөдөгү эң чоң учак ангардан чыгарылды

Канатынын кулачы футбол аянтынан дагы чоң

744578
Дүйнөдөгү эң чоң учак ангардан чыгарылды

АКШнын Калифорния штатындагы Мохаве чөлүндө, дүйнөнүн эң чоң учагы төрт жылга созулган өндүрүш иштеринен кийин ангардан чыгарылды.

Канатынын кулачы футбол аянтынан дагы чоң болгон «Stratolaunch» учагы, аскердик кызматтарда колдонулуу үчүн долбоорлонду.

226 миң килограмм салмактагы ири борттуу учак, орто эсеп менен 250 миң килограммга чейин жүк ташый алат.

Учактын «Pegasus XL» үлгүсүндөгү ракета алып жүрүүчүлөрдү учуруу үчүн колдонулушу пландалып жатат.

28 дөңгөлөктүү система менен ангардан чыгарылган учак, мотор сыноолору аяктагандан кийин 2019-жылы учурулат.



Тектеш кабарлар