Австралиядагы жөргөмүштүн уусу өлүмгө чейин алып барат

Австралиянын Бирчип районунда ак куйруктуу жөргөмүш чагып алган бир кишинин буттары кесилди.

706603
Австралиядагы жөргөмүштүн уусу өлүмгө чейин алып барат

Австралиянын Виктория провинциясындагы Бирчип районунда ак куйруктуу жөргөмүш чагып алган бир кишинин буттары кесилди.

Жуманын акырында Мельбурндан Виктория провинциясынын Бирчип районуна туугандарын көргөнү барган Терри Пареханын оң бутун ак куйруктуу жөргөмүш чакты.

Буту шишип кеткени үчүн абалды байкаган Пареха, бул райондо жуманын акырында доктур болбогону үчүн жекшемби күнгө чейин күтүүгө арагасыз болду.

Андан соң үй-бүлө доктуруна көрүнгөн жана «Хоршем Виммера» атындагы муниципалдык ооруканага жаткырылган Пареханын инфекцияга кабылган оң бутунун кесилгени маалымдалды.

Бир айдай ооруканада дарыланып жаткан Пареханын абалы жакшы экени билдирилди.

Өзгөчө жай айларында көрүнгөн ак куйруктуу жөргөмүш чаккан учурунда бут шишип, кычышып, теринин түсү өзгөрүп, кээде кишинин жүрөгү айланып кусканы да көрүнөт.



Тектеш кабарлар