30 жылдан кийин роботтор адамдардан да акылдуу болот
Эгерде буларды туура колдонбосок алар коркунуч жаратат
Япон телекоммуникация жана интернет компаниясынын жетекчиси Масайоши Сон, акылдуу роботтордун саны келээрки 30 жылдын ичинде абдан көбөйө турганын жана роботтордун адамдарда да акылдуу болоорун айтты.
Сон Испаниянын Барселона шаарында өткөрүлгөн технология дүйнөсүнүн эң маанилүү иш-чараларынын бири болгон Мобилдик дүйнө конгрессинде келечектеги технологиянын кандай багытта илгерилей турганы жөнүндө өз пикирин бөлүштү.
Сон: «Келээрки 30 жылдын ичинде бут кийимибиздеги электрондук чиптер мээбизден дагы да акылдуу болот. Бул чиптердин үстүн басабыз бирок алардан артта калабыз»,- деп айтты.
Япон демилгечи Сон, роботтордун коркунучтарына байланыштуу болсо: «Менин оюмча бул акыл биздин өнөктөшүбүз болот. Эгерде буларды туура колдонбосок алар коркунуч жаратат. Ошондуктан роботторду туура иштер үчүн пайдалансак булар дагы да жакшы жашоо үчүн өнөктөшүбүз болушу мүмкүн»,- деди.
Тектеш кабарлар
Кытайдын Айга жөнөткөн чалгындоочу унаасы...
Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгынын билдирүүсү жарыяланды.