Ракты жеңген айыл
Бул айылга келгендер рактан кутулат
![Ракты жеңген айыл](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8e47/1352/d0ff/58abf2dd3e991.jpg?time=1719242643)
![spil orman köşkleri.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c31a/3341/4f3e/58abf3a45c54b.jpg?time=1719242643)
![spil dağı.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d0c2/630b/7fcb/58abf39af379f.jpg?time=1719242643)
![spil dağı milli parkı.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0345/6bb2/88e6/58abf38d106f9.jpg?time=1719242643)
Манисада Сипил тоосунун чокусундагы Айважык мааласы, өзгөчө рак оорусуна каршы шыпаа булагы катары таанымал болду.
Дүйнөнүн төрт тарабындагы ракка чалдыккан бейтаптар ушул айылга бет алууда.
Осмон мезгилинде ооруп калган ханзаадалар жашаган Айважык мааласы чет өлкөдө да таанымал боло баштагандыктан Нидерландия, Англия, Франция, АКШ жана Германия менен катар дүйнөнүн төрт тарабынан бейтаптар келе баштады.
Сипил тоосунун 1522 метр бийиктигиндеги мурда 5-6 киши жашаган элет жер болгон Айважык мааласынын калкынын саны бир канча жылдын ичинде 250гө жетти.
Манисадагы балет жана заманбап бий мугалими Нурсел Караосманоглу Шимшектин, өпкө рагынан кутулуу үчүн отурукташкан бул маала анын рак илдетине шыпаа болду.
Ошондой эле бул маала «доктур айыл» деген аталышта да атагы чыкты. Нурсел Караосманоглу Шимшектин баянын уккандар болсо Сипил тоосундагы улуттук парктын ичиндеги жалгыз отурукташуу жери болгон Айважыкка келе баштады.
Өзү сыяктуу ракты Айважыкта жеңген башка адамдардын да болгонун айткан Нурсел Шимшек: «Кан рагы менен ооруган бир капитан Стамбулдан келип калды. Стамбулга кайтканында доктурлар таң калышыптыр. Кан өлчөмүнүн өтө жогору экенин байкашыптыр. Бул киши да рактан кутулду»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Кытайдын Айга жөнөткөн чалгындоочу унаасы...](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/054d/699c/4bfe/5c3c70207b7d0.jpg?time=1719242643)
Кытайдын Айга жөнөткөн чалгындоочу унаасы...
Кытайдын Улуттук космостук башкармалыгынын билдирүүсү жарыяланды.