Жандуу организмдердин жаңы түрлөрү
Инди океанынын түбүндө жандуу организмдердин жаңы түрлөрү табылды.
«Scientific Reports» журналында орун алган иликтөөдө, Инди океанынын түбүндөгү ысык булак ресурстарынын айланасында 6 жаңы жандуу организмдердин түрүнүн табылганы белгиленди.
Англиялык изилдөөчүлөр тарабынан аныкталган жаңы жандуулардын арасында ачык күрөң түстөгү краб, деңиз үлүлү, океан сөөлжаны жана кум курту болгону маалымдалды.
Жаңы жандуу түрлөрүнүн океандын түбүндөгү ысык булак ресурстарынын айланасында, деңиз роботтору аркылуу жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө табылганы сөз кылынды.
Океандын түбүндөгү ысык булактар алгач 1977-жылы аныкталган болчу. Ал учурдан бери жандуу организмдердин 400дөн ашуун түрү табылды.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.