Фарфорго сүрөт тартуу искусствосу да ЮНЕСКОнун тизмесинде

Тизмеге Түркиядан ушул учурга чейин көптөгөн маданий бааалуулуктар киргизилген.

622325
Фарфорго сүрөт тартуу искусствосу да ЮНЕСКОнун тизмесинде

БУУнун илим, билим жана маданият уюму (ЮНЕСКО) Түркиянын салттык «Фарфорго сүрөт тартуу искусствосун» да материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизди.

Фарфорго сүрөт тартуу искусствосу 2010-жылы да Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги тарабынан «Жашаган адам казыналары» деп жарыяланган болчу.

Уюмдун Эфиопиядагы жыйынында түрк лавашы менен юфкасы да материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди.

Түркиянын буга чейин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген баалууктары төмөнкүлөр:

«Меддах салты (2008-жылы), Мевлеви Сема аземдери (2008-жылы), Акындык айтыш салты (2009-жылы), Карагөз (2009-жылы), Нооруз (2009-жылы), Салттык баарлашуу жыйындары (2010-жылы), Алеви-Бекташи Ритуал Сэмахы (2010-жылы), Кыркпынар майлуу күрөш фестивалы (2010-жылы), Кешкек жасоо салты (2011-жылы), Месир Мажуну фестивалы (2012-жылы), Түрк кофеси жана салты (2013-жылы) жана Эбру: Кагазды кооздоо искусствосу (2014-жылы)».



Тектеш кабарлар