Космосто жибек куртун өстүрүү

Кытайлык астронавттар космосто жибек куртун өстүрүп жатышат.

593723
Космосто жибек куртун өстүрүү

Цинхуа агенттигинин маалыматына караганда, «Шэньчжоу-11» аттуу космостук кеме менен орбитага жөнөтүлгөн астронавттар жердин тартуу күчү болбогон лабораторияда жибек куртун өстүрө башташты.

Кабарда, космостук лабораториянын Тяньгун-2де тартылган видеосуна да орун берилди.

Видеодо алты жибек куртунун абада кыймылдап жүргөнү көрүнүүдө.

Сыноодо личинкалардын жердин тартуу күчү болбогон чөйрөдө кандайча өсүп жаткандарына байкоо салынышы максатталууда.



Тектеш кабарлар