Айдоочусуз жүрүүчү унаа...

2035-жылга чейин дүйнө жүзүндө 80 миллионго жакын айдоочусуз унаанын жолдордо болушу күтүлүүдө.

587980
Айдоочусуз жүрүүчү унаа...

Бир топ фирма айдоочусуз жүрүүчү автомобиль жасап чыгарып аны өнүктүрүү үчүн иштеп жатканда, Англияда дагы ошондой эле иш-аракеттер уланып жатат.

Өлкөдө жасап чыгарылган айдоочусуз жүрүүчү эки кишилик унаа Милтон Кейнс шаарында сыналды. Коомдук транспорт жүрүүчү жолдордо маселесиз жүргөн унаа сыноодон ийгиликтүү өттү.

Автоматташкан унаалар өз радар систмелары менен алдыдагы унааларды байкап жол тартат. Унаада оңго солго бурулушу үчүн атайын компьютерлешкен программа бар.Алдыңкы фарага коюлган камералар, автомобилдердин тилке алмаштыруусуна жардам берет. Ультра-кызгылт камера системасы болсо унаанын коркунучтардан узак коопсуз түрдө жүрүшүн камсыздайт. Багыт белгилөөчү программа менен жүргүнчүлөр эң кыска убакта бара турган жерлерине жеткирилет.

Жооптуу кызматтагылар жол жүрүү эрежелерин бузууларды эң азга түшүрө турган айдоочусуз жүрүүчү автомобилдердин эки жылдан кийин сатыла баштай турганын маалымдашууда.

2035-жылга чейин дүйнө жүзүндө 80 миллионго жакын айдоочусуз жүрүүчү унаанын жолдордо болушу күтүлүүдө.

Бир топ өлкө эмитеден бул унаалардын изилдөө-өнүктүрүү иштерине инвестиция салса, колдонулушуна байланыштуу мыйзамдар да даярдалууда.



Тектеш кабарлар