Cуу аюусунун сырлары чечмеленди

Япон изилдөөчүлөрдүн ийгилиги.

575346
Cуу аюусунун сырлары чечмеленди

Дүйнөнүн эң чыдамдуу микроскопикалык жаныбары суу аюусунун(tardigrad) сыры чечмеленди.

Жыйынтыктары «Nature Communications» журналында жарыяланды жана Токио университетинен бир топ тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө, радиацияга, тоңдуруучу суукка жана кайнатылууга чыдаган суу аюусунун, ДНК түзүлүшүн одеял сыяктуу ороп алып коргогон протеин табылды.

Профессор Такеказу Куниеда жана кесиптештеринин «Dsup» деп аталган бул протеинди өндүргөн адам клеткалары өнүктүргөн, курамы өзгөртүлгөн адам клеткаларынын радиацияга дуушар кылган жана «Dsup» протеининин ДНКларды дагы көп зыянга учуроодон сактаганы байкалганын жазган.

Илимпоздор күтүлбөгөн чөйрө шарттарында жашай алган бул организмдин гендеринин, келечекте жашоо түрлөрүнүн радиациядан жана Х нурларынан коргонушу үчүн колдонсо боло турганын белгилешкен.

Суу аюулары туурасында 2015-жылы жасалган бир изилдөө да жаныбарлардын ДНКларынын бир бөлүмүн горизонталдык ген трансфери деп аталган процесс менен бактериялардан алганын көрсөткөн.

Дүйнөдө 800дөн ашуун курамы аныкталган суу аюусунун пародасы бар, айрымдарына дагы эле ат коюла албаганы айтылууда. Суу аюулары жерден жана деңиздин түбүнөн Антарктидадагы муз мөңгүлөргө чейин суусу болгон бардык жерде жашай алат.



Тектеш кабарлар