"Эртугрул" фрегатынан 8 миң 300 буюм чыгарылды

"Эртугрул" фрегаты 1890-жылы Япониядан кайтып келе жатканда чөгүп кеткен

562715
"Эртугрул" фрегатынан 8 миң 300 буюм чыгарылды

Түрк жана япон изилдөөчүлөрдүн иш-чаралары аркылуу 2007-жылдан бери уланып келе жаткан "Эртугрул" фрегатынын казуу иштеринде, ушул күнгө чейин 8 миң 300 даана буюм чыгарылды.

Бодрумдун Кария аймагынын маданият, көркөм өнөр жана таанытуу фонду менен "Эртугрул" фрегаты тобунун төрагасы Туфан Туранлы, 1890-жылы Японияда чөккөн "Эртугрул" фрегатынан калган бөлүктөрдүн чыгарылышы үчүн иш-чараларын уланткандарын айтты.

Туранлы: «Болуп өткөн бул кайгылуу окуя, Япония менен Түркиянын ортосунда достук көпүрөсүн курду. Эртугрулдун казуу тобу катары биздин милдетибиз, бул тарыхты күнүбүздө да жандандыруу жана сактап калуу»,-деди.

Максаттарынын бир гана "Эртугрул" фрегатынын калдыгын казып чыгаруу эмес экенин белгилеген Туранлы, Японияга татаал шарттарда барган жана кайтып келе жатканда чөккөн Эртугрулда каза болгон 550 шейиттин жаркын элесин сактап калууну максаттагандарын сөз кылды.

Туранлы "Эртугрул" фрегатынын эки өлкөнүн негизги ташы экенин белгилеп, суу астындагы казуулар түрк топтору менен эле эмес, япон жана башка өлкөлөрдөн келген суучулдардын да катышуусунда уланып жаткандыгын кошумчалады.



Тектеш кабарлар