Мексикада мамонттун калдыгы табылды
Мехикого караштуу Тултепек айылына жакын жерде 14 миң жыл мурдагыга таандык экендиги божомолдонгон мамонттун калдыгы табылды.
518696
Мексиканын борбор шаары Мехикого караштуу Тултепек айылына жакын жерде 14 миң жыл мурдагыга таандык экендиги божомолдонгон мамонттун калдыгы табылды.
Мексикалык адистер калдыктары бөлүнгөн абалда табылган мамонттун, адамдар тарабынан эти жана терисинен пайдаланыш үчүн өлтүрүлгөндүгүн божомолдошту. Калдык жердин 2 метр астында жакшы сакталган түрдө табылды.
Антропология жана тарых улуттук институтунда кызмат кылган археолог Луис Кордоба, борбор калаа Мехикого жакын жерде 50дөн ашуун мамонттун калдыгы табылганын айтты.
Тектеш кабарлар
Т-рекс тибиндеги динозаврлар ойлогондой акылдуу эмес
Бул тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы "The Anatomical Record" журналында жарыяланды.