Марста жаңы зат табылды...

Илимпоздор, Марста жалгыз гана жогорку температурада алынган жана жер шарында абдан сейрек кездешкен «tridymite» аттуу затты табышты.

511751
Марста жаңы зат табылды...

Американын улуттук аэронавтика жана космос штабынан (NASA) илимпоздор, Марста жалгыз гана жогорку температурада алынган жана жер шарында абдан сейрек кездешкен «tridymite» аттуу затты табышты. Бул заттын Марстын вулкандык өткөнү бологонун айгинелеп турганын айтышууда.

NASAнын Жонсон космостук борборунда геохимик жана изилдөөлөр боюнча эдитор Ричард Моррис, таап алышкан «tridymite» заты үчүн, «Марста табууну күткөн эң акыркы зат», деп айтышты.

Жаңы заттын Марстын эволюциядан өткөнү жөнүндө абдан көп маалымат бере турганын белгилеген Моррис, «Бардык нерсени кайрадан ойлонушубуз керек»,-деп айтты.  Илимпоздор жаңы табылганы, «планетанын тарыхын кайрадан жазылышын талап кыла турган бир зат»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Американын , #Марста , #зат

Тектеш кабарлар